Кыргызстанда ислам каржылоо принциптери боюнча
кеңири масштабдагы семинарлар өтүп жатат
2024-жылдын 11-ноябрынан 5-декабрь күндөрү Кыргызстанда кеңири масштабдагы семинарлар өтүүдө, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана финансы-кредит уюмдарынын 300дөн ашык адистери «Ислам банк иши», «Шарияттык башкаруу», «Финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө» багыттары боюнча окуудан өтүшөт.
Семинарда ислам банк иши жана каржылоо боюнча негизги эрежелер, бул тармакта акыркы иштелип чыккан жетишкендиктер, ошондой эле адистерди тартуу менен өз ара иш алып баруу жана бизнес байланыштары боюнча маалыматтар берилет.
Семинарды Пакистан Мамлекеттик банкынын туунду компаниясы болуп саналган, эл аралык деңгээлде таанылган NIBAF (Банк иши жана финансы улуттук институту) окуу борбору өткөрөт. NIBAF борбордук жана коммерциялык банктардын жана финансы институттарынын адистерин даярдоо боюнча алдыңкы институт. NIBAF институтунун тренерлери жана лекторлору банк ишиндеги, финансы рыногундагы жана академиялык чөйрөдөгү эксперттер болуп саналат.
Мындай кеңири масштабдагы иш-чараны Кыргызстанда өткөрүү Ислам өнүктүрүү банкынын KGZ-1018 долбоорунун колдоосунун негизинде мүмкүн болду. ИӨБ KGZ-1018 долбоору шарият стандарттарына ылайык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын өнүктүрүү үчүн Улуттук банкка көмөк көрсөтүүгө жана Кыргыз Республикасында ислам банк ишин өнүктүрүү үчүн адистердин потенциалын жогорулатууга багытталган.
Белгилеп кетүүчү нерсе, ИӨБ өлкөдө ислам каржылоо принциптерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышып, ошондой эле техникалык жардам көрсөтүү, окутуу жана консультация берүү менен Кыргыз Республикасында ислам каржылоону өнүктүрүүгө өзүнүн ири салымын кошту.
Маалымат үчүн: Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) – эл аралык финансылык уюм болуп саналат. Анын негизги максаты болуп, долбоорлорду жана программаларды каржылоого катышуу аркылуу ИӨБгө мүчө өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүү деңгээлин жогорулатуу саналат.
Кыргыз Республикасы 1993-жылы ноябрь айында ИӨБгө мүчө болуп кирген. Кыргызстан ИӨБгө мүчө болуп кошулгандан бери ушул күнгө чейин банк иши, транспорт жана коммуникация, энергетика, өнөр жай жана тоо-кен өндүрүшү, ошондой эле социалдык инфраструктура сыяктуу түрдүү тармактарда жардам көрсөтүү долбоорлору ишке ашырылып келген жана ишке ашууда.