Накталай эмес төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө жарандар көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгы тууралуу ЖМКда тараган маалыматтарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет.
Улуттук банк төлөм системасын өнүктүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет. QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды системалар аралык интеграциялоону (интероперабелдүүлүк) камсыз кылуу максатында ELQR улуттук стандарты иштелип чыккан. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн «Элкарт» улуттук төлөм картасын колдонуу менен дагы бир катар долбоорлор ишке ашырылган.
Ошону менен бирге, колдонуучуларга төлөм кызматтарын сапаттуу жана үзгүлтүксүз көрсөтүү максатында көзөмөлдөө функциялары туруктуу негизде жүзөгө ашырылат.
Мындан тышкары, тейлөөнү жакшыртуу жана коопсуздукту жогорулатуу боюнча программалык камсыздоо мезгил-мезгили менен жаңыртылып турат.
Ошентсе да, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына, Интернетке туташууга/уюлдук байланышка, тармактык чабуулдар менен киберчабуулдарга, төлөм жөнөтүлүп жаткан кызмат көрсөтүүчүлөргө (коммуналдык компаниялар, Мамлекеттик салык кызматы, «Тулпар» ж.б.), ошондой эле терминалдык түзүлүштөрдүн өзүндө болгон бузулууларга байланыштуу көйгөйлөр, банк жабдууларынын айрым техникалык мүчүлүштүктөрү орун алган учурлар кездешет. Бул тышкы факторлор коммерциялык банктардын контролуна алынбайт, бирок алар ишти үзгүлтүккө учуратуу жана операцияларды кечеңдетүү менен платформалардын жана сервистердин иштешине олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Коммерциялык банктардагы мүчүлүштүктөрдү аныктоодо Улуттук банк тиешелүү чараларды көрөт. Алсак, жыл башынан тартып 2024-жылдын 1-декабрына чейинки аралыкта банктарга мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 189 жазма буйрук, 92 эскертүү берилип, 5 айып пул салынган.