Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы NIBAF өкүлдөрү менен жолугушту 

2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Улуттук банк иши жана финансы институту NIBAF өкүлдөрү менен жолугушту. 

NIBAF делегациясынын курамына Пакистан Мамлекеттик банкынын жана Баалуу кагаздар менен биржалар боюнча Пакистан комиссиясынын Шарият кеңешинин төрагасы Иршад Ахмад Айжаз, Пакистан Мамлекеттик банкынын Ислам каржылоо саясаты бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Ариш Усмани, Маалымдоо жана потенциалды жогорулатуу боюнча жумушчу комитеттин мүчөсү Мухаммад Наджиб Хан жана NIBAF институтунун директорунун орун басары Чаудри Табраиз Анвар кирди. 

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүнүн акыркы тенденциялары менен келечеги, ислам каржылоо принциптерин андан ары илгерилетүү, бул тармакта эмгектенген адистердин потенциалын жогорулатуу боюнча зарыл чаралар талкууланды.  

Маалымат үчүн: NIBAF (Улуттук банк иши жана финансы институту) Пакистан Борбордук банкынын туунду компаниясы болуп саналат. NIBAF борбордук жана коммерциялык банктардын, финансы институттарынын адистерин даярдоо боюнча алдыңкы институт болуп саналат.