Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын банк системасында операциялык тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу системасын өркүндөтүү жана алдамчылык операциялар деңгээлин төмөндөтүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 6-январынан кечиктирбестен bakimbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.