Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 4-декабрында № 2024-П-12/64-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом экономиканын стратегиялык багыттарын каржылоону демилгелөө максатында кабыл алынды.
Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.