2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды (мындан ары иш-чаралар) өткөрүүгө колдоо көрсөткөн өнөктөш уюмдар менен пландуу жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, жогорку окуу жайларынын жана Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.  

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланып, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирилди. 

Мындан тышкары, 2025-жылдын иш-чаралар планы сунушталды.