Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

2024-жылдын 13-декабрынан тартып 27-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 84-үй, 7-квартира дареги боюнча жайгашкан «Кей Джи Ноль Семь» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 6928 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй, 2-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Мега Валют» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 6407 лицензиясы; 

2024-жылдын 13-декабрынан тартып 17-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 146/1 дареги боюнча жайгашкан «Аманат Кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 25-февралындагы № 6472 лицензиясы; 

2024-жылдын 14-декабрынан тартып 18-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 141, блок «А» дареги боюнча жайгашкан «Береке Акча» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 21-октябрындагы № 6379 лицензиясы. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.