Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 11-декабрында № 2024-П-12/66-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтомдун максаты Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү болуп саналат. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.