2024-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын жетекчилигинин демилгеси менен Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган тегерек стол маеги болуп өттү

Иш-чарага Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилери видеоконференция байланышы форматында катышты. 

«Мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу» деген темада юридика илимдеринин кандидаты, доцент, полковник Бакыт Какешов баяндама жасады. 

Иш-чаранын максаты коррупцияга каршы саясатты өркүндөтүү жаатында мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банктын жалпы жамаатына маалымат берүү, ошондой эле борбордук банктын кызматкерлери иш милдеттерин аткарууда мыйзам талаптарын сактоого чакыруу.