1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранынын (Ж.Д.А., К.Ж.А., С.А.А.) ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.