Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

- 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 27-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 152-үй дареги боюнча жайгашкан «Danaroso» (Данаросо) алмашуу бюросу КЖКнын 2024-жылдын 31-июлундагы № 6896 лицензиясы; 

- 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 25-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129, 6-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «ФинТренд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 17-июлундагы № 6876 лицензиясы.