Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 29-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 59-үй, 83-квартира дареги боюнча жайгашкан «Алим-Амир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 26-июлундагы № 6887 лицензиясы;
- 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 22-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 146, 3-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Куш финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 12-июлундагы № 6870 лицензиясы.