Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №51/4 токтому менен Кыргыз Республикасынын банк секторунда туруктуу каржылоону өнүктүрүү жана ESG принциптерин киргизүү боюнча жол картасы (мындан ары Жол картасы) бекитилгендигин маалымдайт. 

Жол картасы орто мөөнөткө каралган мезгилде (2024 2026-ж.) стратегиялык багыттар менен иш-чараларды аныктайт жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, рыноктук механизмдерге өбөлгө түзүү, климаттык тобокелдиктерди баалоо жана тескөө үчүн жаңы инструменттерди киргизүү, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатуу жана маалымдоо аркылуу туруктуу каржылоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу экосистеманы түзүүгө багытталган. 

Документ Улуттук банктын расмий интернет-сайтында төмөнкү даректер боюнча жайгаштырылган: 

- www.nbkr.kg / Банктын функциялары / Банк тутуму / Банк секторун өнүктүрүү стратегиясы; 

- www.nbkr.kg / Банктын функциялары / Банк эмес финансы уюмдары / Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары.