Коммерциялык банктарда корпоративдик башкарууга карата талаптарды жакшыртуу жана банктарды корпоративдик башкаруу системасында ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Улуттук банктын токтомунда банктын корпоративдик башкаруу системасынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн корпоративдик башкаруунун ички кодексин, дивиденддерди бөлүштүрүү саясатын, маалымат саясатын, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү саясатын иштеп чыгууга карата талаптар белгиленген.
Мындан тышкары, бул токтомдо банктын акционерлеринин жалпы жыйынына, директорлор кеңешине, банктын директорлор кеңешинин акционерлер, банктын аткаруу органдары жана негизги кызматкерлери менен өз ара иш алып баруусуна карата талаптарды, ошондой эле корпоративдик башкаруу боюнча маалыматты ачып көрсөтүү талаптарын кеңейтүү сунушталат.
Мындан тышкары, токтомдо экологиялык жана социалдык менеджмент принциптерин (Ecological social Management System) ишке киргизүү жана шариаттык башкаруу боюнча глава каралган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.