Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Токтом атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары» бөлүгүндө жайгаштырылган.