Банктардын тышкы жана ички таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу, капиталдык базаны чыңдоо, ошондой эле банктардын ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-декабрында №2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жободо банктар жыл сайын Улуттук банкка берүүгө тийиш болгон, капиталдын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор (мындан ары - жол-жобо) отчётунун түзүмү жана аны толтуруу тартиби камтылат.
Мындан тышкары, документте ишенимдүү жана натыйжалуу жол-жоболорду иштеп чыгууда банктар эске алууга тийиш болгон негизги аспектилер баяндалган.
Жол-жоболордо банк дуушарланышы ыктымал болгон бардык олуттуу тобокелдиктер камтылууга жана анын ишинин мүнөзүнө, масштабына жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш.
Жол-жоболордун алкагында жаңы талаптар банктардын жетекчилигинин капиталды баалоо, ошондой эле банктардын олуттуу тобокелдиктерин аныктоо жана баалоо маселелерине көңүл буруусун жогорулатуу аркылуу банк секторуна оң таасирин тийгизет.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.