Кыргыз Республикасы Улуттук банкы «Банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн маалыматтарын алмашуу жана пайдалануу үчүн API стандарты» долбоорун (мындан ары – Стандарт долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Стандарт долбоорунда ачык банктык интерфейстер аркылуу өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалыматтарды алмашуу үчүн API принциптери жана стандарттары каралган. Стандарттын негизги максаты - ачык-айкындуулукту, коопсуздукту жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен ачык API чөйрөсүнүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнө бирдиктүү мамиле түзүү.
Стандарт долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Төлөм системаларынын катышуучулары Стандарт долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 14-февралынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.