Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, Вокзал көчөсү н/ж, (болжол: дыйкан базары) дареги боюнча жайгашкан «ВАЛЮТА-Д» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросунун 2022жылдын 21-июлундагы № 6333 лицензиясынын аракети 2025жылдын 15январынан тартып 29-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.