Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коому тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Шеркулова Асель Толомушовнанын талапкерлигине 2025-жылдын 17-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды.