1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды (мындан ары – токтом).
Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актынын электрондук версиясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.
2. Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүсүнө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.
Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын
22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2025-жылдын 1-августуна чейин убактылуу токтотулат.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 22-январында № 2025-П-12/2-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтомдун максаты Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү болуп саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.