Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору санарип финансы кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө дем берүү, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүнүн колдонулуп жаткан практикасын өркүндөтүү, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошону менен бирге процесстердин натыйжалуулугу менен коопсуздукту камсыздоонун ортосундагы балансты сактоо максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.
Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 24-февралынан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.