2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН » ААКтын лицензиялары алмаштырылды.  

- мамлекет тилдеги толук аталышы: «Мбанк» ачык акционердик коому;  

- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «Мбанк» ААК; 

- расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «Мбанк»; 

- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «Мбанк»; 

- англис тилдеги толук аталышы: «Mbank» Open joint-stock company; 

- англис тилдеги кыскартылган аталышы: «Mbank» OJSC.