Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков проспекти, 51г, (болжол: ЦУМ жарнамалык көрсөтмөсү) дареги боюнча жайгашкан «Сбер Ру» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросунун 2023жылдын 04-сентябрындагы № 6578 лицензиясынын аракети 2025жылдын 06февралынан тартып 15-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.