Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 150 а дареги боюнча жайгашкан «Бета Трейд» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 7-декабрындагы №6422 лицензиясы 2025-жылдын 10-февралынан тартып кайтарылып алынды.