2025-жылдын 6-февралында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университенин экономика факультетинин 3 жана 4-курстагы студенттерине план боюнча көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү финансылык сабаттуулуктун негизги аспектилерин, Улуттук банктын иши жана акча-кредит саясатынын негизги инструменттери тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле, мугалимдер жана студенттер менен биргеликте «Каражат топтоо» оюну өткөрүлдү. Оюн интерактивдүү форматта өтүп, мында катышуучулар жашоонун сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон үй-бүлөлүк бюджет, каржылык пландаштыруу, максаттарды туура коюу жана акча сактоонун пайдасы сыяктуу түшүнүктөр менен таанышты.