Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (К.С.М.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.