Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 24-февраль күнү план боюнча Ош шаарынын Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү калктын активистерине «Финансылык сабаттуулук» темасында көчмө лекция өткөрдү

Лекцияда Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, ошондой эле кредиттердин жана аманаттардын түрлөрү, инвестициялар, электрондук финансылык кызмат көрсөтүүлөр, финансылык коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү боюнча маалыматтар берилди