Тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн ЖалалАбад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М.Сыдыков көчөсү, № 3 (болжол: «БекАбад-Автожолу» контролдоо-өткөрүү пунктунун жанында) дареги боюнча жайгашкан «Соронбек Валюта» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023жылдын 5декабрындагы № 6652 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 27-февралынан тартып 13мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.