1. Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын Төлөм системы боюнча комитетинин 2025-жылдын 27-февралындагы токтому менен банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия) боюнча лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен 2025-жылдын 28-августуна чейин узартылды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2025-жылдын 27-февралындагы токтому менен «Система Квикпэй» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык коммерциялык банктар аркылуу электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия) боюнча 2024-жылдын 16-апрелинен 2025-жылдын 24-февралына чейин жүргүзүлгөн тесттен өткөрүү ийгиликтүү деп табылды. 

«Система Квикпэй» ЖЧКнын атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү 2025-жылдын 28-августуна чейин ушул лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды, талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен узартылды.