Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 6-үй, 14-квартира дареги боюнча жайгашкан «Обмен» ЖЧК алмашуу бюросунун 2023-жылдын 26-октябрындагы № 6613 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 4-мартынан тартып 6-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.