Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору ишкердик жана ЧОБ менен алектенген аялдардын ишин каржылоодо, анын ичинде бланктык кредиттерди жөнгө салууну жакшыртуу жана карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоодо аялдардын ишкердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу аркылуу финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу менен финансы-кредит уюмдарынын ишин демилгелөө максатында, ошондой эле жогорку рейтингдеги уюмдардын гарантияларын жана стратегиялык максаттар үчүн чет өлкө валютасында берилген ири кредиттерди эске алуу менен банктардын активдерин классификациялоо жана капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо системасын өркүндөтүү, өлкөнүн экономикалык өсүшүн жана өнүгүүсүн демилгелөө максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 14-апрелинен кечиктирбестен aasanbekova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.