Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, М. Сыдыков көчөсү, № 3 (№ 10 контейнер) (болжол: «Бек-Абад-Автожол» көзөмөлдөө өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Заир Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024жылдын 9-февралындагы № 6708 лицензиясынын аракети 2025жылдын 15мартынан тартып 29-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.