Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 19-мартында № 2025-П-12/11-7-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Токтом «байкоого алынган» кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (РППУ) ордун жабууга резерв түзүү боюнча чыгашаларды кыскартуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле тобокелдиктерди эске алуу менен РППУну этап менен түзүү үчүн «субстандарттык» кредиттер категориясы кошулган.
Мындан тышкары, токтомдо Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын
14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ыйгарым укуктуу жактарга (банктарга, алмашуу бюролоруна ж.б.) 2025-жылдын 1-майынан тартып 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражаты статусун жоготпогон АКШ долларынын банкноттору менен алмашуу операциялары боюнча комиссияларды белгилөөгө укук берүү жагында өзгөртүү киргизүү каралат. Мында комиссиялык сый акынын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн накталай АКШ долларын алып чыгууга байланышкан чыгымдарды эске алуу менен, негиздүү болууга тийиш. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын валюта рыногунда жасалма банкноттордун пайда болуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу» дареги боюнча жайгаштырылат.