Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:  

2025-жылдын 21-мартынан тартып 4-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 288 дареги боюнча жайгашкан «Финанс Кейджи Плюс» ЖЧКнын алмашуу бюросунун 2023-жылдын 10-октябрындагы № 6603 лицензиясы; 

- 2025-жылдын 21-мартынан тартып 23-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү, 274 дареги боюнча жайгашкан «Айгуль ЛТД» ЖЧКнын алмашуу бюросунун 2024-жылдын 16-апрелиндеги № 6782 лицензиясы.