Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанга келди 

 

2025-жылдын 12-мартынан 26-мартына чейин Кыргыз Республикасына ЭВФтин Макулдашуу статьяларынын IV статьясына ылайык консультацияларды өткөрүү үчүн Николоз Гигинеишвили мырза баштаган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы расмий иш сапары менен келип кетти. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев Кыргыз Республикасынын атынан ЭВФте башкаруучу катары ЭВФтин командасы менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, өлкөнүн финансы секторунун туруктуулугун камсыздоо маселелерин жана жалпы эле макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу чараларын талкуулашты. 

Консультациялардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү ЭВФтин миссиясы менен жолугушуп, анын жүрүшүндө өлкөдөгү макроэкономикалык абал жана саясат чаралары талкууланды.  

Талкууда ошондой эле ага Кыргыз Республикасы кирген ЭВФтин Швейцариялык добуш берүү тобунун өкүлү, ЭВФтин Аткаруучу директору Патрик Лошевски мырза да катышты.