1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Б.М.Э.) 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Ош областынын Ноокат районундагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.