Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-мартындагы № 2025-П-14/12-5-(ПС) «Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому менен Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы бекитилди.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Банк жөнүндө»/ «Банк иши тууралуу мыйзамдар»/ «Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүмүндө жайгаштырылган.
Тез төлөмдөр функционалдык мүмкүнчүлүктөрү менен төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банктын милдеттери»/ «Төлөм системасы»/ «Төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары» бөлүмүндө жайгаштырылган.