2025-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин 2026-жылдын 1-январынан тартып накталай эмес эсептешүүгө өткөрүүгө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-августундагы № 182 «Көп батирлүү үйлөрдү башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын алкагында турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин банктык тейлөөгө байланыштуу маселелерди талкуу болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешев, «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактардын бирикмеси, коммерциялык банктар, ошондой эле турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктеринин бир нече ассоциациясы катышты.
Жолугушууда банктык эсептерди ачуу, турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин эсептик-кассалык тейлөө жана кредит берүү үчүн тарифтер талкууланды.
Жолугушуунун катышуучулары өз ара пикир алмашып, натыйжасында «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактардын бирикмеси жана коммерциялык банктар бир айдын ичинде турак жайлардын менчик ээлеринин шериктештиктерин банктык тейлөө боюнча тарифтик саясатты иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алышты.