«Биринчи кредиттик бюро» жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары – Компания) уюштуруучулары 2025-жылдын 10-мартында өзүн жоюу тууралуу чечим кабыл алгандыгына байланыштуу Компаниянын кредиттик бюро ишин жүзөгө ашырууга 2024-жылдын 19-июлундагы №03 лицензиясы 2025-жылдын 28-мартынан тартып жокко чыгарылды.