Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 1-апрелинен тартып төмөнкү алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарылып алынды:
- Бишкек шаары, 7-кичи району, 37/2-үй, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-бутиги дареги боюнча жайгашкан «Азия Трэвэл» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 4-ноябрындагы №6394 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144 а дареги боюнча жайгашкан «Джал иксчейнжь» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 23-августундагы №6344 лицензиясы;
- Чүй областы, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы, Алма-Ата көчөсү, 355 а дареги боюнча жайгашкан «Кайрат финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 11-мартындагы №6483 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 98 дареги боюнча жайгашкан «Прайм.Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 19-февралындагы №6716 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 135 дареги боюнча жайгашкан «САРОФИ-БИШКЕК» алмаштыруу бюросу» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 23-сентябрындагы №6938 лицензиясы;
- Бишкек шаары, 8-кичи району, 31а-үйү, 52-батир дареги боюнча жайгашкан «Свап-Мани» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 8-августундагы №6903 лицензиясы.