Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2025-жылдын 8-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында, Талас областынын Талас районунун Кызыл-Туу айылынын Б. Эшмамбет уулу атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекция өткөрдү

Лекцияда улуттук валютабыз  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, ошондой эле QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, телефон чалуу аркылуу алдаган шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.