2025-жылдын 15-апрелинде АКШнын Финансы министрлигинин Чет өлкө активдерин контролдоо башкармалыгы (OFAC) тарабынан АКШнын санкциялык талаптарын сактоо маселелери боюнча онлайн-окутуу болуп өттү.
Окутуу иш-чарасынын жүрүшүндө АКШнын санкциялык саясаты, анын ичинде санкциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү чаралары, санкциялык операцияларды текшерүү жана аларга мониторинг жүргүзүү, санкция белгиленген банктар жана жактар менен кызматташуу тобокелдиктери жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Окутуу иш-чарасында 100гө жакын адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана дээрлик бардык коммерциялык банктардын комплаенс жана контролдоо кызматтарынын жетекчилери катышты.