«Копилка-777» кредиттик союздун катышуучулары тарабынан 2025-жылдын 16-апрелинде лицензияны өз ыктыяры менен кайтаруу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы тарабынан «Копилка-777» кредиттик союзунун өз катышуучуларынын сактык пайларын сатып алуу аркылуу алардан акча каражаттарын тартуу, кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү укугуна 1998-жылдын 25-августунда берилген № 56 лицензиясы 2025-жылдын 21-апрелинен тартып жокко чыгарылды. 

Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Балыкчы ш., Ж. Абдрахманов көч., 217/92.