Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев
Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун
Жазгы жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы М.Ж. Тургунбаев 2025-жылдын 21-апрелинен тартып 25-апрель күндөрү АКШнын Вашингтон шаарында өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйынына катышты.
ЭВФтин жана Дүйнөлүк банк тобунун Жазгы жыйынынын аянтында Улуттук банктын делегациясынын ЭВФтин, чет өлкө банктарынын жана финансы институттарынын өкүлдөрү менен өз ара кызматташуу, анын ичинде монетардык саясат жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.
Улуттук банктын төрагасы М.Ж. Тургунбаев ошондой эле Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Борбордук Азия региондорунун борбордук банктарынын башкаруучулары үчүн ЭВФ тарабынан уюштурулган бир катар иш-чараларга, Кыргыз Республикасы курамына кирген ЭВФтин швейцариялык добуш берген тобунун отурумуна катышты. Бул жолугушууларда дүйнөлүк экономикада уланып жаткан жана жаңы болуп жаткан чакырыктар, ЭВФке мүчө мамлекеттердин экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу чаралары талкууланды.