Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети 2025-жылдын 25-апрелинде «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операциялар боюнча лицензиясынын аракетин 2025-жылдын 1-майынан тартып токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды:
- нак эмес түрдө кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чектелген функционалы менен кредиттик карталарды чыгаруу;
- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын
POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында соода-тейлөө ишканалары менен
POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчасын кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.