Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Эл аралык музей күнүнө карата окуучуларды жана студенттерди, Бишкек шаарынын жашоочуларын жана конокторун, ошондой эле коллекциялык нумизматтикалык баалуулуктарга кызыккан адамдарды 2025-жылдын 16-майында Улуттук банктын музейинде өтө турган ачык эшик күнүнө чакырат.
Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы жана банкнотторду даярдоо баскычтары тууралуу маалымат алып, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ошондой эле, музейде Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдары чыгарылган коллекциялык монеталардын жана чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган.
Экскурсия саат 09.00дөн 17.00гө чейин өтөт.
Кирүү акысыз. Экскурсияга келүүчүлөрдүн жанында инсандыгын тастыктаган документ (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш.
Экскурсияга төмөнкү телефондор аркылуу: 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 же mail@nbkr.kg электрондук дарек аркылуу алдын ала жазылса болот.