Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 30-апрелинде төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

- № 2025П14/20-1(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө»; 

- № 2025П14/20-2(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

Токтомдордун электрондук версиялары Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.