Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Ноокен району, Бүргөндү айылы, Бүргөндү көчөсү, №13 (болжол: «Маданият-Автожолу» көзөмөлдөө өткөрүү пункту) дареги боюнча жайгашкан «Бибинур Ясмина» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2024жылдын 2-февралындагы № 6703 лицензиясынын аракети 2025жылдын 16майынан тартып 30-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.