Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 14-май күнү калктын финансылык сабаттуулугун арттыруу программасынын алкагында, Ысык-Көл областынын Ичке-Суу айылындагы Зууракан Батырбаева атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүлдү.
Лекцияда улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери, ошондой эле финансылык алдамчылык тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, 13-14-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктардын көргөзмөсү уюштурулду.