Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 16-майында Эл аралык музейлер күнүнө карата Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү.
Коноктор улуттук валютанын жаралуу жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу гүлдөп турган мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына арналган экспозиция, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1995-2025-жылдар аралыгында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышышты.
Ачык эшиктер күнүнө 150гө жакын адам катышты.
Улуттук банктын нумизматикалык музейи иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт, 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 телефондору аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук почта аркылуу алдын ала жазылууга болот.